Actions

Work Header

Rating:
Archive Warning:
Category:
Fandom:
Language:
Кыргызча
Stats:
Published:
2024-08-19
Updated:
2024-08-19
Words:
814
Chapters:
1/3
Comments:
5
Kudos:
7
Hits:
85

Бүтө элекмин😭

Summary:

Айсулуу болсо кыздын күлгөнүн уккандан бери катып калат. Үнүн, күлкүсүн, Ыссык Көлдүн алтын кумдун өңүндөй болгон көздөрүн өзүнө аябай жакын кишиден көргөнүн билип жатты, көптөн бери өзүнүн көрбөй жүргөн үй-бүлөсүн кезиктиргендей ыйлагысы келди

Notes:

Ааааа, мен биринчи жазып жатам. Сиздерге жагат деп үмүттөнөм❤️‍🩹
Фантастика жазып жатам, азырынча өзүм эмне жөнүндө экенин түшүнө элекмин, ахвхах

Chapter Text

«Ким ойлоптур, экөөбүз кайра кездешет экенбиз деп» - бир кыздын үнү чыгат.
Айсулуу өзү жалгыз бөлмөдө жатып жүрөгү түшүп: «Сен кимсиң? Мен милиция кызматкерлерин чакырып жатам» - деп телефонун өчүрүп күйгүзгөн кнопкасын бат-баттан баскылап баштайт.

«Салам Айсулуу» - Эшиктин жанында кызык кийинген, узун бойлуу, чачы апапакай кыз пайда болот. Айсулуу бул кызды бир жерден көргөндөй болуп турат, бирок жоктон пайда болуп калган кишини көрүп таң калып, жүрөгү түшкөнүнөн дагы эстей албай коёт.

«Сен кимсиң? - Айсулуу кайра суроосун кайталайт - менин атымды каяктан билесиң?»

Аңгыча кыз күлүп жиберет: «Сенин атыңды бүткүл кыргызстандыктар гана эмес, баардык дүйнөдө күрөш менен кызыккандар да билишет» - Айсулуунун көзүнө карап: «Мени тааныган жоксуңбу» деп үмүттөнүп сурайт.

Айсулуу болсо кыздын күлгөнүн уккандан бери катып калат. Үнүн, күлкүсүн, Ыссык Көлдүн алтын кумдун өңүндөй болгон көздөрүн өзүнө аябай жакын кишиден көргөнүн билип жатты, көптөн бери өзүнүн көрбөй жүргөн үй-бүлөсүн кезиктиргендей ыйлагысы келди.

«Жок, кечир, тааныбай жатам» өкүнүп жооп берет. Узун, же көйнөк эмес, же этек эмес, кызыл ала болгон кийими, апапакай чачы менен тааныбаган кыз жакындап келип, колун сунганда эшикти катту тыкылдатышат: «Айсулуу айым барсызбы?! Бизге телефонугуз аркылуу сиз кооптуу жагдайда деген кат келди, жооп бербесеңиз үчкө чейин санап киребиз, бир» - санап баштайт.

«Оа, баары жакшы! Мени Штаттардагы досум, сюрприз кылам деп коркутуп алды» - Айсулуу эшикти ачканга барат. «Баары жакшы, мына бул менин курбум» - деп коридордун аягын көрсөтөт. Сырдуу кыз жоголуп кеткенин көрүп, Айсулуу милиция кызматкерлерине бир ыкмал табып, эшикти жабып койот.

 


 

Эшикте жаан жаап жатса дагы, Айсулуу өзүнүн эрте мененки таза абада машыгуусун калтырбаганды чечет.

Жаандын тамчылары денедеги 99% суусундуктун толтурганы үчүнбү, же Айсулуу уктап турганы үчүнбү, өз эсине келип, кантип кэчееки окуя чындык боло алат эле деген түшүнүккө келет. Кандай гана түштөр киришет деп, күлкүсү келет.

«Балким, мен Сезимди сагынгандырмын - асманды карайт - менин курбум кандай жүрдү экен».

«Сиз мага бирдеме айтып жатасызбы?»- машыгып чуркап бара жаткан узун бойлуу киши сурайт. Айсулуу аны карап, кечээ түшүнө кирген кызды эстеп, Сезим чоңойсо ушундай кыз болмок экен деп ойлонот. Ошондо түшүнө кирген кыз Сезим окшойт. Өзүмдүн курбум менен түшүмдө сүйлөшүп алсам болмок деп кабатырланат. Жанындагы кызга жооп бериши керек болуп:
«Жок, мен сизге эмес» деп астыга жылганга аракет кылат. Аңгыча кыз:
«Аа, Сезим деп чакырып жаткандай болгондуктан сурап жаткам» - деп жооп берип, өзү алдыңа чуркайт.

Айсулуу артынан түшүп, таңгалып сурайт:
- Сиздин атыңыз Сезимби ?
- Ооба, мени өзү Айсулуу Тыныбекова таанып атыман айтып жатканынан дагы таңгалып сурап жаткам - деп күлүп жооп берет. Айсулуу аны кишилер таанып, ушинтип жакшы көрүшөрүнө дагы эле көнбөгөн жаны, уялып кетет.
- Менин жакын курбумдун аты Сезим болчу. Ал мага жаш кезимде спорт менен алектенип жатканда аябай көп колдоо көрсөткөн - Айсулуу сыймыктануу менен өзүнүн досу жөнүндө айтып берет, бирок анан үнү кичирейип сүйлөт: «Тилекке каршы жүзүнө кыска өмүр жазылыптыр, мектепте окуп жүргөндө эле кайтып кеткен».
- Өкүнүчтүү, мындай жоготуу чоң кишилерге кыйын болот, а жаштарга андан бетер оор болот эмеспи. Курбуңуздун жаткан жери жайлуу болсун, сизди асмандан көрүп сыймыктанып жатканын сезип турам - деп чачы апапакай кыз айтат.

Чуркап бара жатып Айсулуу асманды карай башын көтөрөт. „Сезим мен чемпион болдум, рахмат “ деп ойлонуп, жылмаят. Таза аба жыттап, жаандын төгүлгөндүн үнүн тыңшап, тарс тарс деген дабыштарды угуп коркуп кетип гана, өзү чуркап жатканынан пайда болгон үн экенин түшүнөт. Өзү жалгыз чуркап жатканын байкап, жанагы периштедей чачы апапакай кыз каяка кетип калганын түшүнбөй калат.


 

Айсулуу көзүн ачып, кайра периштедей кыз менен  бир жака чуркап бара жатканын билет.

Өтүп бараткан жерлерди карап, өмүрүндө көрбөгөн кооз токойлордун арасында басып өтөт, аңгыча алдында асмандагы жылдыздардан түзүлгөн жол чыгат, ак чачы менен кыз алдыга чуркай жөнөйт. Дагы бир нече кызык жерден өтүтшөт, вулкандын ортосунан, океандын эң астынан, чоң чөптөрдүн ортосунан анан аягында шаркыратма менен чыгышат. Мындай нерселер мүмкүн эмес болсо дагы айлана өзү жардам берип жаткандай болот.

Чыгып Айсулуу кайсыгы жерге келип калганын эч түшүнбөйт, бул жерге жол ушундай кызык болуп, бирок келишкен жери караңгы, кээбетеси кеткен, коркумушту бир завод болот.

- Мен ушул жерде жашайм - ак чач үнүн чыгарат - бул жер эртең менен кооз парламент болгону менен, кечинде ички дүйнөсүн ачкандай болуп, ушундай заводко айланат. Ичинде дагы башка мага окшогондор бар, алар уктап жатышат. Эмнегедир эч кимисин ойгото албай койгом - заводдун ичине киришет.

Уктап жаткандар кээ бирлери кишилерге окшосо, башкалары желмогузга, периштелерге окшошушат. Баарын карап Айсулуу кишилерди ойготконго аракет кылат, бирок ак чач айткандай эле, алар турушпайт. Ак чач аңгыча бир капкара кийинген, татулары менен, шайтандай сулуу кыздын жанына барып, ойготконго аракет кылат.
- «Аны эмнеге ойготуп жатасың? Коркумуштууго» - Айсулуу сурайт 
-«Бул менин досум Жасмин - эңкейп турган жеринен түстөлөт - биз бирге иштейбиз, өзүнүн жумушун сүйгөн кыз негизи» - жылмайып жооп берет.
- «Ал эмне менен алектенет?» - Айсулуу сурагандан кийин, бул жер кайсыл жер экенин, кантип бул жерге келгенин, ак чач өзү ким экенин, Сезим деп жатты беле атын, түшүнбөй жатканын түшүнүп, жүрөгү түшөт.
- «Тшшшш - Ак чач жакындап чеккесин тийгизип (касается её лица) сооротконго аракет кылат - дем алабыз» - Айсулуу көзүн жумат.

Жүрөгү тыкылдап Айсулуу ойгонот. „Бул эмне деген шумдук“ өзүнүн бөлмөсүндө экенин түшүнүп тычтанат. „Эмнеге кана ушундай түштөр кире баштады, жанагы бир ай мурун кездешкен ак чач кызды унуталбай койдумго“ кайра уктаганга жатат. Уйку соң бирөөнүн «кечир» деген дабышы угулат.